Марал Радиосу

Режиссёр Болот Шамшиевдин унаасы өрттөлдү

Бишкек шаарында белгисиз бирөөлөр режиссёр Болот Шамшиевдин унаасын уурдап, өрттөп жиберишкен. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Бул иш боюнча Шамшиев 10-ноябрь күнү арыз менен кайрылган. Ал унаасы Свердлов районунда уурдалганын айткан. Өрттөлгөн унаа Чүй облусунун Милянфан айылында табылган.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.