Марал Радиосу

Жемкорлордон түшкөн акчанын суммасы 544 млн сомго жетти

Бирдиктүү депозиттик эсепке 544 млн сом топтолду. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Комитет мүчөлөрү республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесин карап жатат.

Эскерте кетсек, бирдиктүү депозиттик эсеп 2018-жылы 3-июлда ачылган. Анда экономикалык жана кызматтык кылмыштардын айынан мамлекет тартка зыянды калыбына келтирүүдөн түшкөн акча топтолот.