Марал Радиосу

Чолпонбаев: Сыйлыктардын баркы жоголуп бара жатат

Кийинки кезде мамлекеттик сыйлыктардын баркы жоголуп бара жатат. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Мукар Чолпонбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сыйлыктар берилип жаткан учурда ээсин кубантышы мүмкүн. Бирок пайдасы көп болбой жатат. Мунун баары эмгекке болгон стимулду жоготууда.

«Мурда Октябрь революциясынан кийийн «Эмгек Кызыл Туу» ордени берилип баштаган. Анын ээлерине кошумча акча төлөнчу. Ал эми азыр андай эмес», — дейт Чолпонбаев.