Марал Радиосу

Орусияда Айтматовго арналган кинодекада өтүп жатат

Москва шаарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата кинодекада өтүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара 14-ноябрга чейин уланып, анда Айтматовдун «Ак кеме, «Кызыл алма», «Караш ашуусунда», «Бойго жетелектерге бейтапкана», «Ак илбирстин урпагы», «Фудзиямадагы кадыр түн» тасмалары көрсөтүлөт.

Белгилей кетсек, иш-чара 4-ноябрдан тарта болуп жатат. Кинодекада Орусиянын маданият министрлиги жана «Кыргызфильм» киностудиясы тарабынан уюштурулган.