Марал Радиосу

Ысык-Көл: ичкен абалда рулга отурган 16 айдоочу кармалды

Ысык-Көл облусунда бир суткада ичкен абалда рулга отурган 16 айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жол коопсуздугун сактоо максатында облуста рейддер жүрүп турат. Анын негизинде 10-ноябрда да рейд жүргүзүлгөн. Анда 16 айдоочу ичкен абалда кармалып, 19 унаа стоянкага жиберилген.

Башкармалык айдоочуларды жол коопсуздугун сактоого, мас абалында рулга отурбоого, жол эрежесин сактоого чакырды.