Samsung компаниясынын экиге бүктөлө турган смартфонунун бет ачары болуп өттү. Бул боюнча аталган ишкананын адистери YouTube’да түз обого чыгып, смартфон тууралуу маалымат беришти.
Маалыматка ылайык, ийкемдүү дисплей Infinity Flex технологиясында иштелип чыккан жана экрандын диоганалы 7,3 дюймду түзөт.
Samsung акыркы айларда бүктөлө турган дисплейлерди массалык түрдө өндүүрүүгө ниеттенип жатканын билдирди.
Watch Samsung's foldable phone in action, from its #SDC18 demo 👀 pic.twitter.com/OTuCtviIL0
— CNET (@CNET) November 7, 2018