Марал Радиосу

ММК фондунун бюджети 14,3 млрд сом болот

Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2019-жылдагы бюджети 14 млрд 324 млн 198,5 миң сом болот. Бул тууралуу фонддун бюджети тууралуу мыйзам долбоорунда көрсөтүлгөн.

Мыйзам долбооруна өкмөт макулдугун берип, быйыл 19-октябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Ал учурда Жогорку Кеңешке кароо үчүн жиберилген. Ага саламаттыкты сактоо министри, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы да катышат.