Марал Радиосу

Ала-Арча дарыясынын жээги бекемделүүдө

Бишкек шаарындагы Ала-Арча дарыясынын жээги кышка карата бекемделүүдө. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда дарыянын Рыскулов көчөсүндөгү бөлүгүнө узундугу 150 метр, туурасы 40 сантиметр жана бийиктиги 4 метр болгон тосмо орнотулуп жатат.