Марал Радиосу

Ботаникалык бакта белгисиз адамдын жансыз денеси табылды

Бишкектеги ботаникалык бакта белгисиз адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  азиат түспөлүндөгү жарандын жансыз денеси кечээ, 9-ноябрда табылган. Денеде эч кандай уруп-сабоонун белгилери катталган эмес. Маркумдун ким экендиги аныкталды.

Учурда бул факт боюнча тергөө иштери башталды.