Марал Радиосу

Сирияда бир учурда 550 түгөйдүн үлпөт тою болду

Сириянын Латакия шаарында бир эле учурда  550 түгөйлөрдүн үлпөт тою болуп өттү. Бул тууралуу  маалыматты чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, жаштардын тою Латакия шаарындагы салтанат үйлөрүнүн биринде белгиленген. Үйлөнүп, турмушка чыккан 1100 жаштардын арасында Сирия армиясында кызмат өтөгөн жоокерлер, согуш тааласында каза болгон жоокерлердин туугандары жана Сириядагы согуштан жаракат алгандар болгон.

Белгилей кетсек, Сирияда массалык үйлөнүү үлпөт той быйыл 6-ирет уюштурулуп жатат.