Марал Радиосу

Өзбекстанда дарыгерлердин айлыгы жогорулайт

Өзбекстанда медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлердин айлыгы жогорулайт. Өлкө президенти Шавкат Мирзиёев тишелүү токтомго 7-ноябрда кол койду. Ага ылайык маяна 2018-жылдын 1-декабрынан тарта 1,2 эсеге, 2019-жылдын 1-апрелинен тарта 1,15 эсеге көбөйөт. Бул тууралуу өзбек жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Келечекте медициналык кызматкерлердин ишмердүүлүгүн аныктоонун жаңы ыкмаларын, анын ичинде айыккан бейтаптардын электрондук статистикасын киргизүү жана онлайн-сурамжылоолорду жүргүзүү пландалууда.

Медициналык мекемелердин жетекчилери жумушта артыкчылык көрсөткөн дарыгерлерге ай сайын кошумча сый акы чегере алышат. Каражат Материалдык дем берүү жана медициналык уюмдарды өнүктүрүү фондунан бөлүнөт.