Марал Радиосу

Кыргызстан студенттер арасындагы дүйнө чемпиондугуна катышат

Кыргызстандын балбандары 12-18-ноябрь күндөрү Румыниянын Бухарест шаарында болчу таймашка катышат. Бул тууралуу Күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Ага Кыргызстандын 13 балбандан турган курама командасы катышат. Алар грек-рим жана эркин күрөш боюнча күч сынашат. Катышуучулар менен биргеликте эки машыктыруучусу да барат.