Марал Радиосу

Эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө жарык өчөт

10-ноябрда Бишкектин айрым көчөлөрүндө электр жарыгы өчөт. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Көк-Жар конушунун Арстанбап, Көк-Жаңгак, Көк-Жайык көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Аталган көчөлөрдө саат 10:00-17:00 аралыгында электр энергиясы болбойт.