Марал Радиосу

КМШ өлкөлөрүндөгү маалымат тармагы боюнча консультация өтүлөт

15-16-ноябрда Бишкек шаарында “КМШга мүчө-мамлекеттердин маалымат тармагында кызматташуусу” аталыштагы консультациялар өтөт. Бул тууралуу КМШнын аткаруу комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Анда катышуучулар маалымат каражаттарында иштөөдөгү, тышкы саясатты чагылдыруудагы тажрыйбалары менен бөлүшөт. Көз карандысыз мамлекеттер кызматташтыгынын алкагында маанилүү окуяларды калкка жеткирүү маселелери талкууланат.

Ошондой эле өлкөлөрдөгү улуттук маалымат каражаттардын кызматташуусун жакшыртуу да каралат. Кезектеги консультациялар качан жана кайда өтүлө тургандыгы да белгиленет.