Марал Радиосу

Айтыш: Акындар Айтматовдун бейнесин ача алган жок

Таласта жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган айтыш жыйынтыкталып, анын жеңүүчүлөрү аныкталды. Айтыш тууралуу суроолорубузга “Күн чабыт” программасында калыстар тобунун мүчөсү Жаныбек Эсеналиев жооп берди.

Марал: Айтыштын жеңүүчүлөрү кимдер болду?

Жаныбек Эсеналиев: Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган төкмө акындардын республикалык айтышына жалпы 32 акын катышып, анын 16сы тандалган. Алар 8-ноябрда Талас шаарында өз ара айтышып, 6 акын финалга чыккан.

Калыстар тобунун чечими, “Айтыш” фондунун жобосуна ылайык, орунга татыган катышуучулардын жашы тең болуп калса анда улуусуна берилет. Ошондуктан эң жогорку упай — 70 баллды Амантай Кутманалиев, Асылбек Маратов, Баян Акматовдор алышты. Алардын улуусу Амантай Кутманалиев болгондуктан баш байге ага ыйгарылды. Биринчи орун Баян Акматов, экинчини эки акын – Асылбек Маратов жана Абдылда Нуралиев, үчүнчүнү Кадырбек Бейшенов менен Жылдызбек Төрөканов алышты.

Марал: Айтыш эмнеси менен өзгөчөлөндү? Акындар Айтматовдун бейнесин канчалык ачып бере алышты?

Жаныбек Эсеналиев: Муну калыстар тобунун төрагасы да, башка мүчөлөрү да айтышты, мен да ушундай пикирдемин. Чынында, биздин төкмө акындарыбыз таарынышпасын, бирок алардын арасында Айтматовдун чыгармаларын терең билген бирөө да жок экен. Үстүртөн эле, чоколоп-чоколоп айрым жерлерин айтып атышты. Бирок чыгармаларындагы терең маани, философиясын, бейнесин толук деңгээлде ачып бере алышкан жок. Ошентсе да жогоруда алдыңкы орунга татыгандар Баян Акматов, Асылбек Маратовдор жазуучунун бейнесин ачып берүүгө башкаларга салыштырмалуу тереңирээк кирише алышты.

Азыр биз китептен алыстап, технология менен алек болуп калдык. Айтматовдун чыгармалары боюнча кинолорунан көргөнүн эле айтып жатышты. Бирок китептеги чыгарма менен кинонун чон айырмасы бар да. Себеби чыгармада айтылган нерсе, кинодо жок, кинодо бар нерсе чыгармада жок, ушуну айырмалап билишкен жок. Чыгармаларын да терең окушпаптыр, үстүртөн эле билишет экен.

Марал: Айтышты эл аралык деңгээлде өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бар беле?

Жаныбек Эсеналиев: Биз дагы өз ара сүйлөшкөнүбүздө бул жагдайга абдан капа болдук. Чыңгыз Айтматов дүйнөлүк адабиятта өз орду бар, канчалаган мамлекет биздин жазуучубуз деп сүйүп, тоодой көрүшөт. Биз ошол тоодой жазуучубузга республикалык деңгээлде эле айтыш өткөргөнүбүз өтө өкүнүчтүү болду.

Бирок уюштуруучулар бул айтыш облустук иш-чарага гана киргенин, маараке декабрь айында чоң масштабда өткөрүлүп, эл аралык айтыш өткөрөбүз дешти. Айтыштын байге фонду 3 млн сом, анын жарымы табылды, дагы жарымы табылса коомчулукка жарыялашат. Ага болжолдуу түрдө Казакстандан, Өзбекстандан каракалпактар деген тектеш элден акындар келет экен.

Exit mobile version