Марал Радиосу

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары сыйланат

10-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы филармонияда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ыктыярчылары сыйланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чарага Президенттин аппаратынын жетекчиси, вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин депутаттары катышат. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жигердүүлүк көрсөткөндүгү үчүн ыктыярчыларга ыраазычылык кат тапшырылат.

Ошондой эле “Көчмөн балдар” аталыштагы документалдык тасма көрсөтүлөт. Ал Адилет Дубаевдин демилгеси менен тартылган. Тасманын максаты жаштардын мекенчилдик сезимин ойготуу болуп саналат.

Айта кетсек, жалпысынан 2 миңден ашуун ыктыярчы катышкан. Алар мааракени уюштуруу, ачылыш жана жабылыш аземине катышуу, конокторду тосуп алуу жана башка милдеттерди аткарышкан.