Марал Радиосу

Москвада каза болгон кыргызстандыктын сөөгү мекенине жеткирилет

Москва шаарында поездге сүйрөлүп каза болгон 21 жаштагы кыргызстандыктын сөөгү бүгүн, 9-ноябрда мекенине жөнөтүлөт. Бул тууралуу Москвадагы кыргыз диаспорасынан билдиришти.

5-ноябрь күнү Москва шаарында кыргыз жараны поезд алдында калып, каза болгону айтылган. Ал унаа токтотуучу жайда иштеп жүргөн.

Москвага апасы, эжелери менен келгени айтылган.