Марал Радиосу

Шевченконун UFC боюнча дебюттук мелдешиндеги атаандашы алмашты

Кыргызстандык Антонина Шевченконун UFC боюнча дебюттук мелдешиндеги атаандашы алмашты. Бул тууралуу тай боксу боюнча федерациядан кабарлашты. Себеби буга чейинки атаандашы жаракат алган.

Буга байланыштуу 30-ноябрдагы мелдеште Антонина Шевченко түштүк кореялык Жи Йон Ким менен беттешет. Ал 29 жашта. Буга чейин 11 жолу таймашка чыгып, анын 8ин жеңген.

Ал эми UFC боюнча 3 мелдештин экөөсүн жеңген.

Exit mobile version