Марал Радиосу

Бишкекте Айтматовго арналган эл аралык театр фестивалы өтөт

12-17-ноябрда Бишкекте 6 өлкөнүн чоң театрлары катышкан «Чыңгыз Айтматов жана театр» аттуу фестиваль өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Фестивалдын алкагында 5-6 спектакль коюлат. Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Орусия мамлекетинен келген театр өкүлдөрү өздөрүнүн эң мыкты спектаклдерин көрсөтүшөт.

Мындан тышкары жазуучунун туулган күнү 12-декабрга карата өткөрүлө турган чоң мааракеге даярдыктар көрүлүүдө.

Эске салсак, 8-ноябрда Талас облусунда Айтматовго арналып акындар айтышы, спорттук оюндар өттү.