Марал Радиосу

Разаков: «Чоң-Капка автожол» пунктунун ишин күчтөндүрүү керек

«Чоң-Капка автожол» өткөрүү пунктундагы транспорттук көзөмөл, товарларды эсепке алуу боюнча убактылуу пункттун иши көзөмөлдөн өттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Таласка болгон сапарынын алкагында текшерип чыкты. Разаков товарларды эсепке алуудагы айкындуулукту жогорулатуунун маанилүү экендигин баса белгиледи.

Буга байланыштуу мамлекеттик чек араны кесип өткөн жүктөрдү фиксациялоо боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырды. Мындан тышкары, аймактык мобилдик топко мыйзамсыз товарларды киргизүү менен алектенген жактарга карата катаал чараларды көрүү айтылды.

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттер менен соода жүргүзүү алкагында 4 көзөмөл-өткөрүү пункту иштейт. Алар: «Чоң-Капка автожол», «Чалдыбар автожол», «Ак-Тилек автожол» жана «Ак-Жол автожол» пункттары болуп саналат.