Марал Радиосу

Ош-Баткен-Исфана жолунун 13,4 пайызы бүттү

Ош-Баткен-Исфана жолунун курулуш иштеринин 13,4 пайызы бүттү. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Ал үчүн 2,23 млн доллардын тегерегинде каражат сарпталган. Учурда курулуш иштери уланып жатат.

Белгилей кетсек, бул “Ош-Баткен-Исфана унаа жолдорун реконструкциялоо, 75-108-км” долбоорунун алкагында ишке ашып жатат.