Марал Радиосу

Президент Жээнбеков Астанага барды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-ноябрда Казакстандын Астана шаарына иш сапар менен барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун мамлекет башчыларынын сессиясына катышат, жыйын тар жана кеңири курамда өтөт.

Сессиянын аягында жыйынтыктоочу документтерге кол коюлат.