Марал Радиосу

Айдарбеков Армениялык кесиптеши менен жолукту

Астанада Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен Армениянын ТИМ башчысы З.Мнацакяняндын жолугушту. Министрликтен билдиришкендей, тараптар интеграциялык биригүүлөрдүн алкагында өз ара аракеттерин алдыда колдоого, ар кандай тармактарда, анын ичинде экономика тармагында кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдыгын белгилешип, кыргыз-армян мамилелеринин абалын жанан өнүгүү перспективаларын талкуулашты.

Астанада ЖККУнун жыйыны өтүүдө. Анда уюмдун алкагындагы иштердин жыйынтыгы чыгарылып, бир катар документтерге кол коюлат.

Өз ара кызматташтыкты бекемдөө, коопсуздук маселеси талкууга алынмакчы.