Марал Радиосу

Кыргызстан менен Казакстан коопсуздук маселесин талкуулады

Казакстандын Астана шаарында 7-ноябрда Казакстандын Коопсуздук кеңешинин аппараты менен Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын ортосунда эки тараптуу жолугушуу  өткөрүлдү. Бул тууралуу прездиенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө жана трансчекаралык кылмыштарга каршы күрөшүү, диний экстремизмге жана терроризмге жол бербөө жана Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатуу маселелери талкууланды.

Тараптар эки өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуунун бардык багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүү зарылчылыгын белгилешти.

Кийинки жолугушуу 2019-жылы Кыргызстанда өткөрүлөт.