Марал Радиосу

Айдарбеков Беларусиянын ТИМ башчысы менен жолукту

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын Астана шаарында Беларусиялык кесиптеши Владимир Макей менен жолугушуу өткөрдү.

Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, министрлер кыргыз-беларусь кызматташтыгынын келечеги,  өкмөттөр аралык комиссиянын 8-отурумунун жыйынтыгы жана алдыңкы убакытта жүзөгө аша турчу иш сапарларын тууралуу пикир алышышты.

Ошондой эле аймактык уюмдардын алкагындагы кызматташуунун келечеги да талкууланды.