Марал Радиосу

Чек арадан жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган жаран кармалды

“Чечме-автодорожный” көзөмөл өткөрүү пунктунан жасалма паспорт менен өтүүгө аракет кылган кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

1959-жылы туулган А.А., аттуу жаран Кыргызстандан Сох анклавы аркылуу Өзбекстанга өтүүгө аракет кылган.

Текшерүүдөн кийин тийиштүү материалдар толтурулуп укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.