Марал Радиосу

Таласта Айтматовго арналып айтыш өтөт

Бүгүн, 8-ноябрда жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата республикалык акындар айтышы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Айтыш Талас облусундагы Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында болот. Жалпы байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Тандоо туру 5-ноябрда “Манас” кинотеатрында жүргүзүлгөн. Анда 16 акын тандалган.

Кошумчалай кетсек, айтыш Талас облусунун администрациясы, “Айтыш” коомдук фонду, “Манас ордо” комплекси тарабынан өткөрүлөт.