Марал Радиосу

Чыңгыз Айдарбеков ЖККУнун Астанадагы жыйынына катышат

Бүгүн, 8-ноябрда Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Астанадагы жыйынына катышат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Анда ЖККУга мүчө-мамлекеттердин тышкы иштер министрлерининин кеңеши, коргоо министрлеринин кеңеши, коопсуздук кеңешинин катчылар комитетинин биргелешкен жыйыны өтөт.

Иш-чаранын алкагында тараптар бир канча документтерди карашып, уюмдун кызматташуусун жакшыртуу маселесин талкуулашат.