8-ноябрда өлкөнүн басымдуу аймактарында жаан, кар жаайт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +2…+7;
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз +1…+6;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +3…+8;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…+3, күндүз -1…+4;
Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2;
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы айрым учурларда секундасына 14 метрге чейин жетиши мүмкүн. Абанын табы түнкүсүн 0…+2, күндүз +4…+6.