Марал Радиосу

Улуу Октябрь революциясына 101 жыл

Улуу Октябрь Социалисттик революциясына 101 жыл толду. ХХ  кылымдагы бул окуя дүйнөлүк тарыхтын өзгөрүүсүнө таасир эткен. Октябрь революциясы 7-ноябрда белгиленип, СССРдеги башкы майрамдардын бири болуп, Москвада чон салтанат менен өтүп келген. СССРдин кулашы менен анын курамындагы мамлекеттер бул күндү майрамдоодон баш тартышкан. Бирок Кыргызстан 7-ноябрды майрам катары ушул күнгө чейин белгилеп келет. 

Совет мезгилинде өзгөчө шаң менен белгиленип келген Октябрь революциясынын күнү жыл өткөн сайын маани манызынан ажыроодо. Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев бул майрамдын кыргыздар үчүн мааниси өтө чон экендигин белгилейт. Анткени кыргыздын улут катары, өлкөнүн эгемендүү мамлекет болуп сакталышына алып келген.

— Кыргыздарды эл катары, улут катары сактап, биздин бүгүнкү мамлекеттүүлүккө алып келген мына ушул советтик бийлик болчу да. Ак падышанын куралдуу күчтөрүнөн сактап калган күн. 1916-жылы бир топ кыргыз Кытай, Ооганстанга качып кеткен болчу. Ушул эле нерсе чоң мааниге ээ. Экинчиден Кыргызстан 30-40 жылдын ичинде падышалык мезгилден өнүккөн республикага айланып чыкты. Тоолордун чокусуна сүрөт тартылып, шаарларыбыз кооз болуп, адамдарга үй курулуп, бардык эл жумуш менен камсыз болгону чон жеңиш деп эсептесек болот. Мамлекетебизде бекер билим берүү, бекер саламаттыкты сактоого жеткенибиз чон жетишкендик.

Бүгүнкү күндө Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын маанисине тарыхчылар түрдүү баа беришүүдө. Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун айтымында, октябрь революциясы кыргыз элинин тарыхындагы  бурулуш мезгил болгон.

— Эгерде Октябрь революциясы болбогондо Кытайга качкан кыгыздардын тагдыры оор болмок. Октябрь революциясынын эң негиги маанилүүлүгү кыргыз эли өзүнүн мамлекеттүүлүгүнө ээ болду. Бул жөн эле белек катары эмес, кыргыз саясий элитасы А. Сыдыков, Ж. Абдрахманов баш болгон кыргыздын мыкты өкүлдөрү күрөшүп отуруп, 7 жыл күрөшүп, 1924-жылы 24-октябрда  кара кыргыз автономиялуу облусу деген аталыштагы кыргыз мамлекетин түптөшкөн. Демек, Октябрь Социалисттик революциясы- бул мамлекеттин түптөлүшүнө  алып келген. Ал эми мамлекеттүүлүктүн түптөлүшү 70 жыл бою кыргыз элинин өсүп өнүгүшүнө экономикалык болобу, руханий болобу башка жактан да өсүп өнүгүүсүнө зор таасир эткен. Ошондуктан биз Октябрь революциясын танбашыбыз керек.

Бишкек шаарынын тургундарынын айтымында, октябрь революциясы ошол таптагы өзүнүн принциби, талаптары менен калктын арасында сакталып калган. 7-ноябрдын майрам катары белгиленүүсү, тарыхты эске салуу менен катар келечек муунга калтыруу болуп саналат.

-Бул эн биринчи бирин-бири сыйлоо, адамдын теңдиги, ошол кездеги билим берүү системасы сыяктуу көп жакшылыктар өрчүгөн. Ошол тапта кайсы кесиптин ээси болбосун баары тен укукта болуп, ким жакшы иштесе эмгеги бааланчу. Бүгүнкү күнгө салыштырмалуу ошол кездеги тарбия-тартип өтө күчтүү болгон.  

-Канчалык майрам же майрам эмес болсо деле биз бул тарыхты кечип өткөнбүз. Ошол себептен ар бир нерсенин жаман жакшы себептери болот, бирок өзүбүздүн башыбыздан өткөндүктөн, муну тарых катары билишибиз керек. Менин оюмча бул майрам катары эле эсептелиш керек.

Буга чейин  айрым депутаттар тарабынан Кыргызстанда майрамдарды кыскартуу үчүн 5-май Конституция күнү, 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнү жана 7-ноябрь Улуу Октябрь революциясын жоюп салуу сунуштары болгон, бирок эл өкүлдөрүнүн нааразылыгынан соң мыйзам кабыл алынган эмес. Бүгүнкү күндө Октябрь революциясынын күнү КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан менен Беларуста гана расмий майрам катары белгиленип келет.