Марал Радиосу

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басарлары дайындалды

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басарлары дайындалды. Алар Ализа Солтонбекова, Камалдин Токтосартов, Жаңыл Алыбаева.

Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Эске салсак, 25-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Улукбек Кочкоровду эмгек жана социалдык өнүгүү министри кылып дайындаган.