Марал Радиосу

Нусубалиев: ЭЭК жеңилдик алынса, көп инвесторду жоготобуз

Экономика министрлиги Кыргызстанда түзүлгөн эркин экономикалык аймактарды жою сунушун берди. Ведомство жетекчиси Олег Панкратов бүгүнкү күнү ишкерлерге бирдей шарттар түзүлбөй калып жатканын айтты. Ал эми Жогорку Кеңеш  депутаттары бул аймактарга берилген жеңилдиктердин мөөнөтүн узартууну айтып чыгышкан. Бул маселенин айланасында «Күн чекит» программасында Бишкек эркин экономикалык аймагынын мурдагы жетекчиси Орозбек Нусубалиев айтып берди.

Орозбек мырза, бүгүнкү күнү Кыргызстандагы эркин экономикалык аймактардагы ишти кандай баалайсыз?

Кыргызстанда эркин экономикалык аймактар 1991-жылдары ачыла баштаган. Ошол маалда өлкөдө эң кыйын акыбал болчу. Союз тарап, эл эмне кыларын билбей турган. Ошол кезде бул аймакка кирген ишкерлерге жеңилдик берүү тартиби кирген. Бүгүнкү күнү Бишкек ЭЭА боюнча сөз болбошу керек. Ал өзүнүн максатына жетти. Ишти толук аткарды. Учурда мамлекетке өз пайдасын берип жатат.  Бир миллиарддан ашык сом Социалдык  фондго которулууда. Бул каражатты бизге эч ким бербейт да… Жеңилдиктерди инвесторлорго беребиз деп мамлекет убада берген. Инвесторлорду тартканбыз. А бүгүнкү күнү аларды жоё турган болсок, инвесторлорго жалганчы болуп калабыз.

-Сиз Бишкек ЭЭА жетектеп турдуңуз. Ошол кезде канча субъекти иштеген?

Бул аймакка мен 2012-жылы жетекчи болуп бардым. Ошол кезде мыйзамдарды ирээтке келтирип, 700дөй кагаз жүзүндөгү ишкананы жапканбыз. Аларды толук тазалаганбыз. Калган ишканалардын баары иштеп, мамлекетке зыян алып келген жок. Таза пайдадан салык, кызматкерлер мамлекетке салыктарын төлөп келе жатышат. Ал жерге Бажы, Салык кызматтары көз калып отурат. Ошондуктан бизге ЭЭК керек. Керек болсо, дагы ачып жаңы жумушчу орундарын түзүү абзел. Чет өлкөгө жаштарыбыз агылып жатканда аларга мекенинде шарт түзүп берүү керек. Бул жерде биз таза пайдадан гана жеңилдик беребиз.

 Бул аймакка кирген ишканаларга эң негизги кандай жеңилдиктер берилип жатат?

Эң негизги жеңилдик- бул алып келинип жаткан жабдыктарга бажы жеңилдиктери болуп саналат. Ошол ЭЭА киргенде нөлдүк пайыз кирет. Ал аймактан чыкмайынча сакталат. Экинчи жеңилдик таза пайдадан алынчу салыкты 10 пайызга жеңилдеткенбиз. Буга мамлекет убада берген. Биз аны сакташыбыз керек.

Бирок жеңилдиктер болгон күндө деле аймактардагы ЭЭА жыйынтык бербей келет. Маселе эмнеде болуп жатат?

Эми аймактардагы жагдай боюнча анализ жүргүзүү керек. Эгерде пайда алып келбей жатканы болсо, жабыш керек. Бирок ага чейин көйгөйдү аныктап ишкерлерди региондорго тарткан оң. Азыркы тапта жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнн чабалдыгынан аймактарда ишкерлердин бул жаатта маалыматы өтө аз.

-Маегиңизге рахмат!   

 

 

 

Exit mobile version