Марал Радиосу

Нарында быйыл 91 карышкыр жана 27 чөө атылды

Нарын облусунда жылдын башынан бери 91 карышкыр жана 27 чөө атылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстарын коргоо жана колдонуу департаменти билдирди.

2017-жылдын 29-ноябрындагы “Облустагы селсаяк иттердин, карышкырлардын, чөөлөрдүн санын кыскартуу” буйругунун негизинде аларды атуу башталган.

Жергиликтүү тургундардан 15 топ түзүлүп, алар быйыл 88 карышкыр, 27 чөонү атышкан. Ал эми соңку аптада Кара-Кужур өрөөнүндө, Ат-Башы районунда 3 карышкыр жок кылынган.

Ал өлтүрүлгөн карышкырлар атайын райондук комиссиянын көзөмөлүнөн өтөт. Өкмөттүн токтомуна ылайык, ар бир өлтүрүлгөн карышкырга 6 миң сом өлчөмүндөгү каражат берилет.