Марал Радиосу

Изи изилденип бүтө элек репрессия

Улуттук илимдер академиясы, “Мурас” фонду  жана бир катар университеттердин демилгеси менен  “Тарыхый эс тутум: саясий репрессиялар жана анын кесепети” аталыштагы эл аралык илимий конференция болуп өттү. Анда окумуштуулар бул окуяга байланыштуу жаңы жагдайлар, изилдөөлөр боюнча доклад жасашты. Репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнүнүн алкагында китеп дагы жарык көрүп, окуу жайларга таратылат.

Майрамкан Арабаева репрессиянын курмандыгы болгон Ишеналы Арабаевдин небереси. Бала чагында чоң атасы тууралуу жакшы билген эмес. Анткени жакындары да ал жөнүндө айтып берүүдөн чочулашкан. Кийин гана ачык айтыла баштаганда, чоң атасынын колунда чоңойгон эжесинен көбүрөөк маалымат сурап, билгенге аракет кылган.

Ал убакта бизге чоң атам жөнүндө көп маалымат берчү эмес. Бирок азыркы тарыхчыларга ыраазыбыз. Анткени алар бизге көп маалыматты тастыктап, билип, маалымдап жатышат. Бул окуя бир гана туугандары үчүн эмес, бүт эле кыргыз эли үчүн чоң жоготуу болгон.

80 жыл мурда Арабаев сыяктуу  канчалаган кыргыздын ошол убактагы интеллигенциясы саясий курмандыкка чабылган. Майрамкан Арабаева сыяктуу канчалаган небере, уул-кыздар чоң аталары тууралуу чындыкты билбей чоңоюшкан. “Мурас” фондунун директору Кыяс Молдокасымовдун айтымында, ошол учурда коомдун каймагы болуп турган интеллигенция өкүлдөрүнө 5-ноябрда өкүм чыгарылып, 7-8-ноябрда өкүм ишке ашырылган.

1938-жылы 5-ноябрда 138 саясий элитага өкүм чыгып, 7-8-ноябрда ишке ашырылган. Анда Чоң-Таштагы кирпич заводуна көмүшкөн. Алардын арасында Ж.Абдрахманов, М. Салихов, Айдарбеков, К.Тыныстанов ж.б болушкан.

Бүгүн болсо 80 жыл мурда репрессиянын курмандыгы болгондор тууралуу жаңы жагдайларды окумуштуулар изилдеп, китептерди басып чыгарып, атайын илимий конференциялар өтүп жатканын репрессиянын курмандыктарына арналган эл аралык конференцияда Улуттук илимдер академиясынын тарых интитутунун директору Аблабек Асанканов айтат. Анын айткандарына ылайык, жыйырма жылдан ашык жүргөн репрессияда СССР боюнча 1,5 млндой киши курман болсо, Кыргызстандан 20 миңден ашык киши күнөөсүз өлтүрүлгөн.

Көп нерселер ачылды. Теориялык жактары да ачыкталып жатат. Биз азыр фамилиялары боюнча тактап жатабыз. Канчасы кыйноо менен өлтүрүлдү, канчасы түрмөгө камалып, кайрадан кайтып келди. Ушул нерселер келечектеги пландар.

1938-жылы «улутчул, эл душманы» деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгү көмүлгөн жер өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин табылган. Алар кайрадан кепинделип, жерге берилип, ал жер «Ата-Бейит» деп аталып калды.

Exit mobile version