Марал Радиосу

Репрессия курмандыктарына виртуалдык көргөзмө жасалды

Мамлекеттик архив агенттиги 1937-1938-жылдардагы репрессия курмандыктарынын элесине виртуалдык көргөзмө жасады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Аны жасоодо Борбордук архивдеги коомдук-саясий документациялар, кинофотофонодокументтер колдонулган.

Виртуалдык көргөзмө мамлекетти түптөгөн каармандарга сый-урмат көрсөтүү, элесин эскерүү максатын көздөйт.

Төмөнкү шилдетемеде аталган көргөзмөнү көрүүгө болот: http://repression.archive.kg/.