Марал Радиосу

Электр энергиясынын баасын көтөрүү маселеси айтылды

Электр энергиясына болгон тарифти жогорулатуу зарыл. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов өкмөт жыйынныда билдирди.

Анын айтымында, энергетика тармагы болгон мүмкүнчүлүгүн пайдаланып иштеп жатат. Жаңы өнөр жай ишканаларын тармакка кошуу мүмкүн эмес. Себеби подстанциялар аны көтөрө алышпайт.

Ошондой эле электр энергиясына болгон тарифтик саясатты карап чыгуу зарыл деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов электр энергиясы жана жылуулукка болгон тариф мурдагы боюнча кала турганын белгилеген болчу.