Марал Радиосу

Ун жана ун азыктарын өндүрүү 10,6 пайызга азайды

Кыргызстанда ун жана андан жасалган азыктарды өндүрүү 10,6 пайыз азайды. Бул тууралуу өкмөт жыйынында Экономика министри Олег Панкратов билдирди.

Анын айтымында, бул унду импорттоо жогорулаганы жана баалардын төмөндөгөнү менен байланыштуу.

Министр кошумчалагандай, учурда дээрлик бардык аймактарда түшүм жыйноо аяктады. Жалпысынан 661 миң тонна буудай алынды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 3 пайызга көп. Муну менен катар бүгүнкү күндө 83 миң га жерге күзгү дан эгиндери себилди.