Марал Радиосу

Бекбоев президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу болду

Турдуназир Бекбоев президенттин жана өкмөттүн иш башкаруучусу болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Ал буга чейин президенттин аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.

Турдуназир Бекбоев 51 жашта. Жогорку билимдүү. 2009-2010-жылдары Жалал-Абад облусунун башчысынын орун басары, 2015-жылдын ноябрынан 2016-жылдын октябрына чейин айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматын аркалаган.