Марал Радиосу

Кийим жана кездеме сактоочу кампанын 900 чарчы метри күйгөн

Бишкекте Элебесов  көчөсүндө жайгашкан 3 кабатуу контейнерден салынган  “Дениз Текстиль” кийим жана кездеме сактоочу кампадан өрт чыккан. Анын кесепетинен болжол менен 900 чарчы метр жер күйгөн.

Тилсиз жоо 5-ноябрь күнү кечки саат 21.50 чамасында чыгып, түнкү саат 23:30 чамасында чектөөгө алынып, 6-ноябрь күнү таңкы саат 05:10 чамасында толук өчүрүлгөн.

Өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.