Марал Радиосу

Улуттук банк валюта рыногуна 10,9 млн доллар сатты

Улуттук банк ноябрь айынын эсебинен биринчи интервенцияны жасады. Мекеменин маалыматында, 5-ноябрда 10 млн 850 миң доллар сатылды.

Улуттук банк буга чейин 10-сентябрда интервенция жасаган. Анда валюта рыногуна 19 млн 650 миң доллар сатылган.

Жыл башынан бери 5 жолу интервенция жасалып, бир жолу сатып алуу операциясы жүргүзүлгөн.