Марал Радиосу

Каттоо кызматынын бөлүм башчысы кармалды

Бишкектин траспорт каражаттарын жана айдоочулар курамын каттоо бөлүмүнүн жетекчиси кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрында Кылмыш-жаза кодексинин 304, 313, 314-беренелер менен ачылган иштин негизинде ыкча-иликтөө ишчаралары жүргүзүлгөн. Бөлүм башчы өзүнүн кызыкчылыгы үчүн туруктуу коррупциялык схеманы түзгөнү аныкталган.

Натыйжада автотранспорт каражаттарын каттоодо, автомектепте окугандардын айдоочулук күбөлүктү алуу учурунда мыйзам бузууларга жол бергендиги айтылат.

Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул боюнча иликтөө иштери уланып жатат.