Марал Радиосу

Дайыр Кенекеев «Учкун» ишканасынын жетекчиси болду

Дайыр Кенекеев «Учкун» ишканасынын жетекчиси болду. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Кенекеев буга чейин ал 2017-жылдын октябрынан 2018-жылдын апрелине чейин вице-премьер министр болуп иштеген.

Ага чейин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.