Марал Радиосу

Ош: Акысыз түрдө ВИЧ оорусуна текшерүү жүрүүдө

Ош шаарында калкты ВИЧ оорусун аныктоо боюнча акысыз жана купуя түрдө текшерүү жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Текшерүү 1-ноябрдан 1-декабрга чейин уланат. Аны Ош облусунун СПИД менен күрөшүү борбору уюштуруп жатат. Мында текшерүү экспресс тестирлөө ыкмасы менен болуп, жыйынтыгы 20 мүнөттө гана чыгат.

Кошумчалай кетсек, иш-чара Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата өтүп жатат.