Марал Радиосу

Кытайда жүк ташуучу автоунаа 31 жеңил унааны коюп кетти

Кытайдын түндүк батышында болгон жол кырсыгынан 15 киши каза болуп, жаракат алгандардын саны 44 жетти. Бул туурасында дүйнөлүк басылмалар жазышты. Маалыматка ылайык, кырсык Ганьсу провинциясында ишемби күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:20 чамасында болгон.

Буга чейин кырсыкта каза болгондордун саны 14, ал эми жаракат алгандар 34 деп кабарланган.

Маалыматка ылайык, чоң жүк ташуучу автоунаа Ланьжоу трассасында рулду башкара албай, 31 жеңил автоунааны сүзүп кеткен. Жаракат алгандардын ону оор абалда. Оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусунун айтымында автоунаанын тормозу кармабай калган.