Марал Радиосу

Көк бөрү: Чүй облусу жеңүүчү болду

Көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугунда Чүй облусунун командасы жеңүүчү болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Ага ылайык, финалдык беттеште Чүй менен Ысык-Көл облустарынын командалары беттешип, жалпы эсепте 4:1 эсеби менен сары-өзөндүктөр жеңишке жетишти. Ош шаарынын “Төлөйкөн” ат майданында өткөн мелдеште төмөнкүдөй сыйлыктар ыйгарылды:

Ал эми калган катышуучу командаларга 50 миң сомдон сыйлык тапшырылды. Ошондой эле “мыкты оюнчу”, “мыкты аргымак” номинацияларынын ээлерине 10 сомдон берилди.

Кошумчалай кетсек, Көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өткөрүлдү.