Марал Радиосу

Көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугунда коло байгени Талас облусу алды

Көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугунда Талас облусунун командасы коло байгеге ээ болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.

Ага ылайык, 3-орун үчүн Талас менен Ош облусунун командалары беттешип, оюн 5:0 эсеби менен жыйынтыкталды.

Беттеш Ош шаарындагы “Төлөйкөн” ат майданында орун алды.

Белгилей кетсек, бул чемпиондук Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата өтүп жатат. Ага өлкө аймагынан 9 команда катышты.