Марал Радиосу

Таласта республикалык айтыш өтөт

8-ноябрда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата республикалык акындар айтышы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Айтыш Талас облусундагы Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында болот. Жалпы байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Тандоо туру 5-ноябрда “Манас” кинотеатрында жүргүзүлөт. Анда катышуу үчүн 16 акын тандалып алынат.

Кошумчалай кетсек, айтыш Талас облусунун администрациясы, “Айтыш” коомдук фонду, “Манас ордо” комплекси тарабынан өткөрүлөт.