Марал Радиосу

Директорлук кызматты Самара Каримова өзү суранган

Ырчы Самара Каримова Ниязаалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду. Министр мунун себебин мыйзамсыз дайындоо болгон деп түшүндүрдү. Ал эми Каримованы директор кылып дайындаган стат-катчы Бактыбек Секимов баары мыйзам чегинде болгонун айтууда. Ал директор болуу сунушун Самара Каримова өзү айтканын билдирди.

1-ноябрда эле музыкалык окуу жайдын жалпы жамааты менен таанышып жаткан Самара Каримова кайрадан кызматынан алынды. Тийиштүү буйрукка Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду. Министрдин айтымында, аны кызматка дайындоо мыйзамсыз болгон. Анткени документтерди текшерүү учурунда стат-катчы иш сапары учурунда кол койгонун аныкташкан.

Мага чейин дайындалган экен. Такташтырып карап көрсөк, мыйзам буузулар аныкталды. Экинчиден, ал мектепке директор катары тажрыйбалуу, билими бар киши келиш керек болчу. Чечим мыйзамсыз дайындоо болгон үчүн кабыл алынды.

Бирок Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс-катчысы Бактыбек Секимов баары мыйзам чегинде кол коюлганын айтып жатат. Анын айткандарына таянсак, Самара Каримованы  директор кылып дайындоо буйругуна ал 23-октябрда кечке маал кол койгон. Ал эми буйрук эртеси күнү, 24-октябрда катталып калган. «Катачылык ушул жерде деп эсептеп жатат»,- дейт Секимов.

Мен 23-октябрда кол койгом. Ал эми 24-октябрда каттоодон өткөн. Баары мыйзам чегинде болгон. Менин оюмча, себеп башкада. Анткени кагаздардын баарына ошол күнү кечинде кол коюлган.

Эске салсак, ырчы Самара Каримованын кызматка дайындалып, кайра алынышы бул алгачкы жолу эмес. Буга чейин да музейге жетекчи катары дайындалып, кайра бир күндөн кийин өзүнүн арызы менен кеткен. Ага соцтармактарда айтылган сын-пикирлер себеп болгон. Андан мурун да  наамдар боюнча коомчулукта катуу сынга кабылган. Мындан улам эл артисти Курмангазы Азыкбаев өнөр адамын мынтип оюн кылбаш керектигин айтат. Кызматка дайындаса да даярдоо керек болчу деген оюн айтты.

-Бул жаш кыздын шагы сынып калды да. Ары туруп музейге алып барып, ары туруп окуу жайга алып барышты. Ал жаш кызды элге шылдың кылбай, аны даярдап, жети өлчөп бир кесишсе болмок да. Алгач аны ошол окуу жайга мугалим кылып, аны даярдап анан жетекчи кылса, балким башкача болмок.

Самара Каримованы музыкалык окуу жайдын директору кылып дайындаган стат-катчы Бактыбек Секимов бул кызмат ага өзүнүн суранычы менен берилгенин айтты. Ошол кезде министрдин милдетин аткаруучу болуп турган Секимовго жаш ырчынын идеялары жаккан.

Ушул окуу жайды көрүп зээним кейийт деп айткан. Канча убакыт керек десем, 2 жылда гүлдөтөм деген. Мага мүмкүнчүлүк бергиле деп, идеялары менен бөлүшкөн. Мен макул болдум.

Ырчы Самара Каримова өзүнүн инстаграм баракчасына да кызматтан алынышы боюнча пикирин жазды.

Эске салсак, Самара Каримова Кыргызстанда биринчи жолу инстаграм баракчасына 1 миллион киши катталган алгачкы киши болуп Ошто жана Бишкекте анын урматына той берген. Ырчынын бул жетишкендиги да учурунда ар кандай сынга кабылган.