Марал Радиосу

Ош шаарындагы Өзгөн көчөсүнө газ берүү токтотулат

Эртең, 3-ноябрда Ош шаарынын Өзгөн көчөсүнө газ берүү токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун маалымат кызматы билдирди.

Газ берүү авариялык жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу убактылуу токтолуп жатат.

Кайрадан газ качан берилип баштары тууралуу маалымат бериле элек.