Марал Радиосу

КМШ өкмөт башчылар саммитинде бир катар документтерге кол коюлду

Астанадагы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммитинин жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Кеңейтилген курамдагы жыйындын жүрүшүндө КМШ алкагында өлкөлөр ортосунда кызматташууну өнүктүрүү боюнча актуалдуу маселелер, чаралар талкууланды.

Соңунда КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары 14 документке кол коюшту. Алардын арасында:

— КМШ мүчө-өлкөлөрдүн жогорку технологиялык энергетикалык өндүрүштү өнүктүрүү боюнча кызматташуу концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча негизги иш-чаралар планы жөнүндө;

— КМШ мүчө-өлкөлөрдүн чектеш аймактарындагы токой зыянкечтеринин, ооруларынын алдын алуу жана жоюу боюнча өз-ара аракеттешүү жөнүндө келишим тууралуу;

— Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин органдарынын 2017-жылга карата бирдиктүү бюджетин аткаруу жөнүндө;

— Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Экономикалык сотунун ишмердигинин айрым маселелери жөнүндө жана башка документтер орун алган.